Биз менен байланышыңыз

26-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 742 | 0
Автор: Ахмед Доан

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-июлда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 28-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;

Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарыноблусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM