Марал Радиосу

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 44 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 44 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1976-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

24-июль күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында саат 10:30да Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 2 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 2 суучул тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында Совхоз-Фрунзе айылында маркумдун сөөгү суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.