Марал Радиосу

Францияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин өстү

Францияда акыркы суткада коронавирус инфекциясынын 10 жаңы очогу аныкталып, вирусту жуктуруп алган миңден ашык учур катталды. Бул тууралуу Euronews маалымат булагы жазды.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри вирусту жуктуруунун көбөйүшү коргонуу чараларын сактабагандыктан келип чыкканын айтты.

Коронавируска кабылгандардын көпчүлүгү туристтик аймактардан.

Ал эми Ла-Манш жээгинде дагы эле чоң соода дүкөндөрүндө милдеттүү түрдө беткап тагуу режими сакталууда.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Францияда вирус жуктурган 216 миң 600дөн ашык учур катталган, алардын 30 миң 100дөн ашыгы көз жумган.