Марал Радиосу

Алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик маркалоонун мөөнөтү узарды

Өкмөт Кыргызстанда товарларды идентификациялоочу каражаттар менен милдеттүү маркалоону киргизүүнүн убактысын узартты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

2019-жылдын 17-октябрында айрым товарларды идентификациялоочу каражаттар менен маркалоонун тартиби жөнүндө токтом кабыл алынган. Анда 2020-жылдын 1-июлуна чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоо каралган.

Бул токтом – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, керектөөчүлөрдү контрафакт продукциялардан коргоо, аткезчилик жол менен келген товарларды көзөмөлдөп, көмүскөдөгү товар айланууну кыскартуу максатын көздөйт.

Пандемия учурунда ишкерлердин кайрылуусу менен өкмөт 17-июлда токтом кабыл алып, алкоголдук продукцияларга милдеттүү түрдө маркалоонун убактысын 1-ноябрга чейин, ал эми чылым продукцияларына маркалоону 1-октябрга чейин узартты.