Марал Радиосу

Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы 35 млн доллар бөлөт

Кыргыз өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен 20 млн доллар жана Ислам өнүктүрүү банкы менен 15 млн доллар суммасындагы макулдашууларды аткаруу боюнча ратификациялоо процессин жүргүзүүдө. Мындай маалыматты Финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

Макулдашуулардын алкагында жакынкы аралыкта COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга медициналык жабдуулар жана препараттар алынат.

Азия өнүктүрүү банкы бере турган насыянын мөөнөтү 40 жыл, анын ичинде 10 жыл – жеңилдетилген мөөнөткө 1% га берилет.

Ислам өнүктүрүү банкынын насыясынын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 5 жыл жеңилдетилген мөөнөткө 1,5%га берилет.

Бул долбоорлордун максаты — саламаттыкты сактоо секторуна, транспортко, жабдууларга, жеке коргонуу каражаттарына, чыгашалык материалдарга, тез чара көрүү топторуна колдоо көрсөтүү, ошондой эле ооруканалардын потенциалын күчөтүү,  медициналык жабдуулар, сарпталуучу материалдар, медициналык таштандыларды жок кылуу системасын жакшыртуу болуп эсептелет.