Марал Радиосу

Жапаров: Эл жамандоого көнүп калган

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде эл өкүлдөрү маяна, эмгек өргүү үчүн алган акчаларын стационарларга таратып жатканын билдирди.

-Каражатты өз чөнтөгүнө салган же болбосо эс алып жүргөн бир да эл өкүлүн көргөн жокмун. Эл көнүп калган экен, жамандайт десе эле парламенти, өкмөттү, бирөөнү жамандаш керек. Кемчиликти өзүнөн эмес бирөөдөн издеп, ата-энесин, өкмөттү жамандайт. Бирок өкмөт да буга жол берип коюуда, — деди Жапаров.

Өлкөдөгү абалдан улам коомчулукта «элдин башына мүшкүл түшүп турганда, эл ишенип шайлаган депутаттар каникулга чыгып кеткени элди тоготпогонубу же шылдыңдаганыбы?» деген сыяктуу сындар айтылууда.

Жапаров муну элдин басымдуу бөлүгү мыйзамдарды так билбегендиги менен байланыштырды.

Эл өкүлүнүн айтымында, Жогорку Кеңеш өкмөткө керектүү мыйзамдардын барын кабыл алып берди. Парламент, өкмөт менен президент чакырса, чогулуп, аларга жардам берип, тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып берүүгө даяр.