Марал Радиосу

COVID-19: Акыркы суткада 42 бейтап кайтыш болду

24-июлга карата COVID-19 илдетинен 42 бейтап каза болду. Анын ичинде, Бишкекте – 9, Ош шаарында — 9, Чүй облусу – 9, Ош облусу – 3, Талас облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 4, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу – 4 учур.

Кыргызстанда коронавирус илдетинен (пневмонияны эске алганда) жалпы 1211 бейтап кайтыш болду.

Акыркы суткада 921 киши вирус жуктуруп, жалпы учурлар 31 миң 247 адамга жетти. Алардын 18 миң 38и айыккан.