Марал Радиосу

Президент Талас элин жоопкерчилиги үчүн мактады

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барганда бир топ убакытка чейин аймакка коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө тоскоол болгон Талас облусунун жашоочуларынын катуу тартиби жана жоопкерчилигине жакшы баа берди.

Ал коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланган медицина кызматкерлерине да ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчы мындан тышкары, бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды курууга убада берди.

«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз»,-дейт Жээнбеков.

Медициналык кызматкерлер менен баарлашууда президент аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн айтты.

Андан соң Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратын көрүп чыкты.

Имарат 5 блоктон туруп, 160 орундукка ылайыкталган. Ал 2005-жылдан бери иштебей турат. Реконструкциядан кийин орундуктардын санын 300гө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Мамлекет башчы имаратты реконструкциялоо ишин ыкчамдатуу тапшырмасын берди. Башка дагы кароосуз калган имараттарды жаңылап, акылуу жана заманбап оорукана катары багытын өзгөртүү үчүн ревизия жүргүзүүнү сунуштады.