Марал Радиосу

Министр: Тик учактар менен химиялык каражат чачылган жок

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов тик учактар химиялык каражаттарды чачып жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Өлкө боюнча мындай иш-аракеттерди бир дагы учак аткарган жок. Кечээ “Автожир” чакан аппараты гана машыгуу иретинде абага көтөрүлдү, — дейт министр.

Буга чейин мессенжерлер аркылуу маалыматтар тарап, өлкөдө дезинфекциялоо максатында химиялык каражаттар чачылып жатат деп айтып чыккандар болгон.