Биз менен байланышыңыз

Ооруну Жаратканга болгон чоң ишеним, сүйүү менен жеңели!

Блог | 23 Июл 2020 | 2064 | 1

Коронавирус апааты Кытайда жаңы башталганда биздин элге эмнегедир имиш сыяктанып, көпчүлүк ишенип-ишенбей турду эле. Бул аты жаман балээ жаныбыздагы Кытайдан биздин өлкөгө келбестен тээ алыстагы Европа өлкөлөрүн аралап өтүп кеткенде кандайдыр бир деңгээлде биздин элден айланып өтүп кеткен сыяктанды эле. Бирок, тилекке каршы, бизге да коронавирус менен бетме-бет тик келише турган учур келди. Оору келгенде да чоң күч, майтарылбас дымак менен келип, жакындарыбызды катарыбыздан сууруп кете баштаганда, өзүбүз ооруп жаныбыз кейигенде ишенбеске чарабыз калган жок…

Жыл башынан бери дүйнөгө бүлүк салып жаткан бул коронавирус капсалаңы заманыбызды бир силкинтип, адам аттуунун жан дүйнөсүн эңшерип кеткендей болду. Ала-Тоо койну да бул оор илдеттин запкысын тартып, миңдеген жарандарыбыз оору менен алышып, жеңгени жеңип, жеңе албаганы аманат жанын Ээсине тапшырып, акка моюн сунушту. Бул окуялардын көбү көз алдыбызда өтүп жатты. Жалпы эл башына түшкөн мүшкүл, улуу санаа көпчүлүгүбүздү түмөн түйшүккө салды. Ооруканалардын, дары-дармектердин, ооруну текшерип изилдөөчү лабораториялардын, медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги “бир ылаажысы табылабы” деп дем жетпей, жүздөрү кара көк тартып, ооруканалардын алдында тизилип, жашоого үмүт артып, өмүргө суусап келген жүздөгөн, миңдеген мекендештерибиздин, диндештерибиздин абалы көпчүлүк кыргыз жарандары сыяктуу асти мени да ойлондурбай койгон жок.

Анткен менен “Кыргыз — улуу эл” деген сөздүн чындыгы ушундай кыйын кырдаалда билинет окшобойбу. Түгөнүп баратканда күчөп, дымып баратканда жалындап дүрт этип от алган мүнөзүбүз бар эмеспи. Жыгылганын жөлөп-таяп, үмүтсүзүнө үмүт берип канат байлаткан, күйүттүүсүнө күмүш берип сүйүндүргөн жомоктогу, тарыхтагы кыргыз элимдин жоомарт, берешен, ак ниет, боорукер мүнөзүн ушул күндөрдөгү замандаштарыбыздан көргөндө сүйүнгөнүңөн аба жарып ыйлагың келет. Башынан эле үмүтсүз эмеспиз, үмүт менен жашайбыз.

Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин, тагыраак айтканда, Түркиядагы, Орусиядагы бир боорлорубуздун тынымсыз жиберген жардамдарын, “велосипед, телефон сатып алам” деген акчасын берген кичинекей балдардын окуялары, “ажыга барам” деп топтоп жүргөн акчасын ооруп жаткандарга берген апанын окуялары, палатадан-палатага жүгүрүп адам өмүрлөрүн сактоого болгон дараметин жумшаган күжүрмөн дарыгерлердин, мээрман медайымдардын, көчөлөрдө “оору жайылып кетип жүрбөсүн” деп күнү-түнү көзөмөл кылган тартип сакчыларынын тикеден-тик турган мээнетин кантип айтпай коё аласың. Бардыгыңыздардан Жараткан Алла Таала ыраазы болсун!

Элимдин туура, оң жолго түшүп оңолоруна, бакубаттуу мамлекет болоруна ушул окуяларга аралашып жүргөн, оору жугат деп коркпогон, жардамынан аянбаган ак ниет, адамгерчиликтүү уул-кыздарыбыздын, жаштарыбыздын элге кызмат кылып баштаганын көрүп, бир эсе кубанып, бир эсе санааң тынчыйт. Чынында, “биздин муун” туура жолдо келаткан экен…

Эл кыйналып, дайынын таппай калган кездерде жаштар чоң күч болуп, демилгени колго алышты. Элден акча чогултушуп, дарыгерлерге тамак-аш даярдашып, стационарларды уюштурушуп, ооруп жаткан адамдарды тынымсыз ташып, кычкылтек аппараттары менен дем ала албай жаткандарды дем алдырып тызылдап чуркап, ыйлап жүргөн жаштарыбызды көргөндө кантип ичиң жылыбайт. Жаш болсо да, эч кимге милдеттүү болбосо да, өмүрлөрүн тобокелге салып “элди сактайм” деген жаштардан айланса болот. Көз алдында өмүр менен өлүмдүн күрөшү уланып жатканын көрүп, тыйын чогултушуп, дем алдыруучу аппарат сатып келишип, канчалаган жандардын асыл өмүрлөрүн ажалдан арачалаганга себепчи болуп жатышты. Өлүмдү көрүштү, жалтанышкан жок. “Оору жугат, өлүп кетебиз” деп майтарылышкан жок. Алар кыйынчылыкты көрүштү, элдин кайгы-муңун, азабын көрүштү. Ушундай жаштарды көргөндө жан дүйнөң тынч алып, мамлекетибиздин уучу кур эместигине, эртеңки күнү мамлекетти тонобой, жаман жолго барбай турган, эл ырыскысына кол салбай турган жаштардын жоон тобу өсүп жетилгендигине сүйүнөсүң. Жаштарыбыздын келечеги үчүн, бактылуулугу үчүн ар дайым жакшы тилек кылалы. Бул балдар менин үмүтүмө канат байлашты. Асылдар асылына кайтат демекчи, асылдар асылына кайтып баштады…

Ал эми үзөңгүлөш жүргөн, катарлаш жүргөн, санаалаш жоро-жолдошторуңдун, жакындарыңдын оору менен күрөшүп, чын дүйнөгө сапар алганын көргөндө өлүмдүн ак экенин, бул дүйнөдө болгону беш күндүк конок болуп жүргөнүбүзгө дагы бир ирет ынандык.

Эрмен, шыбактын жыты аңкыган боз дөбөлөрдө топурак жазданып кала берген ыймандаш эсилдерибизди акыркы сапарга узаттык. Мында да каректен жаш төгүлүп, жүзүбүздөн ылдый куюлуп турду.

Оо, эсилдерим, оо, кайрандарым, эми силерди чын жайдан көрөрмүн…

Бул дүйнөдө өлбөгөн ким бар экен? Бардыгыбыз кезеги келгенде коштошуп кете беребиз. Тек гана Жараткандын алдына кандай даярдык менен, кандай ыйман менен барабыз деген ой сезимтал жан дүйнөмө тынчтык бербейт. Эмнеси болсо да калкымдын руханий, физикалык саламаттыгын тилейм. Ар кайсы суроолорду өзүмө берем. Алардын жандырмагын, жообун тапканга аракет кылам. Түн бир оокумга чейин китеп беттерине үңүлөм. Эмне үчүн адамдар ооруйт деген суроо дагы көпчүлүктүн оюнда, санаасында жүрдү го бул күндөрү. Оору да Алла Тааланын мээрими эмеспи. Сүйүктүү пенделерин бул дүйнөдө оорутуп, күнөөлөрүнөн арылткан жаза эмеспи…

Карт тарыхтын барактарын барактай турган болсок, пайгамбарлардын, падышалардын, улуу адамдардын жашоосуна сереп салып карап отурсак, алардын ар биринин окуясынан жеке адамдардын жосунсуз аракеттери жуурулушуп отуруп, жалпы коомдун трагедиясына айлангандыгын көрөбүз. Албетте, Жараткандын жазасы деп согуш, жаратылыш кырсыктарын, ооруларды, ар түрдүү асман-жерден келген апааттарды түшүнүшүбүз керек. Ошол сыяктуу эле, коронавирус кайгысын да жалпы адамзатты мүшкүлгө, убайымга салган, көз жашын көлдөтүп Кудайга тооба келтирген Жараткандын бир сыноосу, жазасы деп түшүнө билгенибиз оң болор…

Кудай Тааланын адамзатка жиберген түрдүү жазаларынын маани-маңызын сыноодон чечкиндүү өтө ала тургандар, Жаратканга болгон зор ишеними барлар гана жеңип, түшүнө алат.

Тарыхта Алла Тааланын адамдарды оор күнөөлөрү үчүн жазалаган көп учурлары белгилүү. Кээ бир пайгамбарлардын коомун таш жаадырып жазаласа, кээ бирин сууга тумчуктурган. Кээ бирин от менен жазаласа, кайсы бирин музга тоңдуруп жазалаган. Жаза, албетте, жеке адамга эмес, жалпы коомго бирдей тиешелүү болуп келген. Ал кээ бир адамдардын айрым күнөөлөрү үчүн гана берилбестен, жалпы жонунан бүтүндөй адамзатка берилет. Бул тууралуу Кудай Тааланын адамзатка жиберилген бардык китептеринде айтылат.

Эмне үчүн Жараткан пенделерин бул дүйнөдө да жазалайт деген суроо туулушу мүмкүн? Ал адамдардын текеберлигине, көк беттигине, укпастыгына бул дүйнөдө чекит коюу үчүн мындай кадамдарга барат. Ырайымдуулук чын ыкластан тобоо кылынмайын жана адамдын оңолуу үчүн аракети чын дилден жасалмайын берилбейт.

Чынында, адам үчүн эң оору материалдык жаза эмес, руханий жаза. Айлана-тегерегибизге саресеп кылып карай турган болсок, Кудай Таалага болгон ишенимди жоготуу, ишенимсиздик, динден безе качуу сыяктуу көрүнүштөр көптөгөн кылымдардан бери уланып келе жатат. Муну адамдар ар кандай себептер менен байланыштырышат.

Дүйнө алаканга салгандай көрүнүп турган кезде мусулмандар арасында бир тууганды бир тууган өлтүргөн заманга туш болуп отурабыз. Чынында, пайгамбарыбыздын айтканы боюнча, мусулман мусулмандын бир тууганы эмеспи. Сириядагы, Ливиядагы, Йемен, Судан жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү өз ара жикчил топтор күнүнө биринин канына бири забын кылып жатканын маалыматтык кылымда жанынан барып көрбөсөк да, экрандын призмасынан көрүп жатабыз. Эч күнөөсүз жаш балдар, кызыл эт ымыркайлар, кыраңдын кызыл гүлүндөй болгон кыздар, келберсиген келиндер, ак сакалдуу карыялар, кемпир-чалдардын согуш апаатынан бөөдө өлүп жатканын көрүп жатабыз. Дүйнөлүк коомчулук да буга көзүн жумуп “кой” дегенге жарабады. Ал турсун, бакубат мусулман өлкөлөрү бир туугандык иретинде согушуп жаткандарды тыйып, арачыга түшкөндү намыс көрдү. Дүйнөдө зулум күчөгөндүктөн балээ көбөйдү. Зулумдук да чоң күнөөлөрдүн катарына киргендиктен, мунун да кесепети оор болорун эч ким эсине албады…

Буга чейин нечендеген аалым-олуя, такыба кишилердин адамдарды жамандыктан кайтаруу, жакшылыкка чакыруу максатында тобоо кылуу, Жаратканга ибадат кылуу, эсине келүүгө үндөгөн чакырыктары, эскертүүлөрүн көп укканбыз. Адамзат башынан кан күйгөн согуштарды, деле болуп көрбөгөндөй чоң масштабдагы массалык адам өлтүрүүлөрдү, чалгы менен чапкандай адам жанын сууруган жугуштуу ооруларды, түрдүү апаат-кырсыктарды өткөрдү. Бирок, адамзатка бул дагы жетишсиз болду окшойт…

Жаратканга болгон ишеним экинчи планга өтүп, диний, руханий баалуулуктар адамдардын арасында да сүрөтү бар өзү жок, көлөкөсү бар маңызы жок үстүрт абалга келди.

Жалпы эле дүйнө жүзүндө бузукулук чектен ашты. Адамдар арасындагы ысырапкорчулук, көралбастык, ушак, ичи таза эместик, адамдардын бири-бирине болгон кыянатчылыгы, ичи тарлыгы, зынаа, киши өлтүрүү, уурулук, мамлектеттердеги коррупция, кошоматчылык, сүткорлук көптөгөн ак пейил, эч бир күнөөсү жок адамдардын ырысын кесип (салды)отурат. Кудай Таала жараткан макулуктары чектен чыкканда түрдүү балээ-апааттарды жиберип эскертүү кылат. Бул ирет да Жараткан пенделерине коронавирус сыяктуу оору менен эскертүү берди. Арабызда мындан сабак алып, жан дүйнөсү өзгөрүп, акыйкат эмне экенин түшүнгөндөр болду, тилекке каршы, дагы деле түшүнбөй жүргөндөрбүз бар. Бул элдик накыл кепте айтылгандай: “Башы оорубагандын Кудай менен иши жок” деген маани менен үндөшүп кетет.

Анткен менен коронавирус “көзүңөрдү ачкыла”, “ойгонгула”, “Кудайыңарды тааныгыла” деген Жараткандын эскертүүсү экенин тастыктап койгондой. Жараткандын Бар экенин, анын Бир экенин, Анын кудурети күчтүү экендигин эскерткен кабарчы сыяктуу коомубузга жар салды. Келген балээлердин баары биз үчүн эскертүү болгонун аңдап-түшүнүшүбүз керек. Бул балээден кантип кутулушубуз керек деген маселе бар. Соцтармактарда “молдолор дуба кылса да болбой кырылып жатат” деген жагымсыз кептерди таратып жаткандар бар. Албетте, бул Кудайдын Өзүнүн жеке иши. Табалоо иретинде айтылган эси жоктордун кеби Жараткандын алдында суу кечпей тургандыгын түшүнүшсө кана, атаганат. Таба эмес, тобоо дейли.

Ооруну Кудайга болгон чоң ишеним менен, жашоого болгон чоң ынтызарлык менен, сүйүү жана туура амал-аракет менен гана жеңе аларыбызды унутпайлы, урматтуу мекендештерим. Ооруну жөнөткөн Кудайдан шыпаасын да тилейли. Жапа тырмак эл Жараткандан тиленгенибиз туура болот. Кудайым баарыбызга ушул апааттан, оорудан аман-эсен чыгып кетүүнү насип кылсын! Ошондой эле, Жараткандан илээшкен илдет менен алышып, акка моюн сунуп акыретке аттанып кеткен жакындарыбыз, жалпы эле момун мусулман бир туугандарыбыздын, мекендештерибиздин жаткан жерлерин жайлуу кылсын, акыретте эсеп-кысабын жеңил кылып, бейишин насип кылсын деп тиленип дуба кылалы! Омийин!

Оорубаңыздар, оору элибизди айланып өтсүн!!!

Бул күндөр да өтөт!!!

Мамбетасан Ибраев, Нарын облусунун казысы.

Copyright © 2017 Maral FM