Биз менен байланышыңыз

Италия: Мортероне айылында 8 жылда биринчи жолу наристе төрөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 639 | 0

Италиянын эң чакан айылынын тургундары сегиз жылдан бери биринчи жолу ымыркайдын төрөлүшүн майрамдашты.

Тоолуу Ломбардия аймагында жайгашкан Мортероне айылынын калкы бир кишиге көбөйүп, калктын саны 29га жетти. Жакында бул жерде акыркы 8 жылда биринчи жолу бала төрөлдү. Ага Денис ысымы ыйгарылды.

-Бул айылдыктар үчүн чыныгы майрам, — деди Мортероне шаарынын мэри Антонелла Инверницси.

Денис Лекко шаарындагы төрөт үйүндө төрөлгөн, салмагы 2,6 кг. Анын ата-энеси Маттео менен Сара үйүнүн эшигине көк лента илишкен. Акыркы жолу айылдыктар ушундай (кызгылт) тасманы 2012-жылы кыз төрөлгөндө көрүшкөн.

Ымыркайдан апасы Сара пандемия учурунда кош бойлуулукту башынан өткөргөн жана бул оңой болбогонун айтты:

-Пандемия учурунда кош бойлуу болуу оңой эмес. Жакындарыңызды көрүү үчүн үйдөн чыга албайсыз, — деди Сара.

The Guardian маалымдагандай, Италияда төрөлүү коэффициенти жылдан жылга төмөндөп баратат.

2019-жылы өлкөдө 420 миңден ашык бала төрөлгөн. Бул 1861-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Италиянын 60,5 миллион калкы бар.

Copyright © 2017 Maral FM