Марал Радиосу

COVID-19: Кыргызстанда дагы 46 бейтап каза тапты

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 46 адам каза болду. Бишкекте 13, Ош шаарында 3, Чүйдө 6, Ысык-Көлдө 5, Ош облусунда 5, Баткенде 2, Жалал-Абадда 6, Таласта 2, Нарында 4 адам (пневмонияны эсепке алганда) кайтыш болду.

Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 30 миң 126га жетти. Бул илдеттен жалпы 16 миң 791 жаран айыгып, каза болгондордун саны 1169ду түздү.