Марал Радиосу

Ош шаарында 4 стационар күнү-түнү иштейт

Ош шаарында 4 стационар күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу калаа мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 200гө жакын орун бар. Бүгүн аларга жалпы 662 жаран кайрылды.

Ошондой эле, күндүзгү стационарларга кайрылып, дарыланып, айыккан бейтаптардын саны 599 адамды түздү.

«Бейтаптын оорусунун абалына жараша изоляцияга, ооруканаларга бөлүнөт. Буга чейин оорукана, изоляция, обсервация, стационарларда жалпы 2 миңден ашуун орун даярдалган. Эртең шаардын эки кичи районуна дагы күндүзгү стационарларды ачабыз», — деди Сарыбашов.