Марал Радиосу

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум кийинки аптага жылды

22-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок ага айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен 27-июлга жылдырылды.

Эми мындан ары соттук отурум дайыма биринчи жана үчүнчү күндөрү өтөрү тууралуу чечим кабыл алынды.

Бул соттук отурумга Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

2019-жылы 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.