Биз менен байланышыңыз

Трамп күнүнө бир нече жолу коронавируска тест тапшырууда

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2020 | 710 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп күнүнө бир нече жолу коронавируска тест тапшырып жатат. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Кайли Макинэни билдирди.

-Президент Америкада эң көп сынактан өткөн адам. Ал тестти баарынан көп, тагыраагы, күнүнө бир нече жолу тапшырат, — деди ал.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда коронавирус жуктурган адамдардын саны 4 миллионго жакындады. Бул оорудан 144,2 миңден ашуун адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM