Марал Радиосу

Спортто тыюу салынган ыкмаларды колдонбоо боюнча мыйзам кабыл алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Дене тарбия жана спорт жѳнүндѳ» мыйзамга ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу документке кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-июнунда кабыл алынган.

Ал спортто тыюу салынган ыкмаларды жана субстанцияларды колдонууга чектейт. Муну менен спортчулардын таза атаандаштыктын негизинде укуктары корголуп, спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди азайтат.

Допинг менен күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенциянын алкагында алынган милдеттенмелерди аткарууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул мыйзамдын 1-беренесинин 5-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Өкмөт мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүүсү зарыл.