Биз менен байланышыңыз

Москва ситиде ырдаган Толкунбек: музыкалык билимим жок (видео)

«Эзилип бүттүм», — деп Москванын так ортосунда гитаранын коштоосунда кыргызча обон созгон жигиттин видеосун сиз дагы көрүп калсаңыз керек. Интернет ааламында көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон мекендешибиз Толкунбек Курманбек уулу менен «Марал» радиосу маектешти.

-Саламатсызбы, Толкунбек? Алгач өзүңүз  тууралуу кыскача айтып өтсөңүз?

-Саламатсызбы, мен Толкунбек Курманбек уулу 1998-жылы Жалал -Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Көк-Алма деген айылында жарык дүйнөгө келгем. Алты бир туугандын төртүнчүсүмүн. 10- классты бүткөндөн кийин эле Москва шаарына келгем. Быйыл бул жакта жүргөнүмө алты жыл болуп калды.

-Эми, интернетке тарап кеткен видео жөнүндө айтып берсеңиз?

-Мынчалык элге тарап кетет деп ойлогон эмесмин. Кокустан эле тартылып калган, муну ырдын башында  бир аз орой сөз сүйлөп алгандан эле билсеңиздер болот. Видеону Абдулла деген дос балам тарткан, анан мен Инстаграм баракчама жүктөөрдө беш эле саатка турат, андан кийин  өчүрөм деп жазгам. Жүктөгөндөн кийин: «жакшы ырдапсың, өчүрбөй эле кой»- деп пикирлер келе баштады. Бул  видео беш сааттын ичинде көптөгөн  социалдык тармактардагы баракчаларга тарап кетти. Бул  ырдын автору Бекжан  Темирханов. Ал менин досум болот. Өзүмдүн музыкалык деле билимим жок, окуган эмесмин тубаса талант десек болот. Ырдап жатканда кыргыздар айланып, орустар түшүнбөсө деле кол чаап кыйкырып  коштоп туруп калышты, обону жаккан окшойт(күлүп). Москвада  мен  башка мигранттар сыяктуу эле курулуш тармагында эмгектенип келем. Буюрса, чыгармачылыкка акырындан аралашып иштейин деген ниетим бар, бирок ага дагы колдогон бирөөң болбосо кыйын экен.

-Ата-эне, тааныштарыңыз видео жөнүндө кандай  ой-пикирлерин  айтышты?

-Ата-энеме, туугандарыма анчалык деле жаңылык болгон жок. Себеби, менин бул жакта тамада болуп иштеп жүргөнүмдү билишет. Тамашоу оюндарына да катышып жүргөм, команданын капитанымын, ошол себептен чоң деле жаңылык болгон жок деп ойлойм. Анан эми интернетте ар кандай сайттар чыгарып жатат видеолорумду, көптөгөн көрүүлөрдү топтоду.

-Ушул видеодон кийин  Инстаграм баракчаңызда катталуучулар  көбөйдүбү?

-Туура айтасыз, буга чейин жеке баракчамда азыраак эле окурманым бар болчу. Ушул видео чыккандан кийин жети миңден ашык адам катталды. Негизи, өзүм бардык жазылган пикирлерди окуйм.  Көпчүлүгү  мени  таба  алышпай  издеп жатышкан экен. Ошол себептен видеону киргизгенде автордук укугумду эске алышып, мени да белгилеп коюшса  жакшы болмок.

-Келечекте кандай пландарыңыз  бар?

Өзүм  ыр жазып калам, ошол себептен автордук чыгармаларымды  кыскача кылып аткарып интернет тармагындагы баракчаларыма салып турайын деп жатам. Чыгармачылыкка кызыга баштадым, буюрса. Акырындык менен ушул тармактан өзүмдү сынап,чыгармаларымды элге тартууласам деген ойлорум бар.

 

 

 

6 пикир

6 пикир

  1. Тинатин

    22.07.2020 01:15

    Аябай жакшы ырдаган унуно береке келечеги кен кыргыздын мыкты жигиттеринен болсун ананда аябай жылдыздуу жигит экен.

  2. Эльзида

    22.07.2020 14:30

    Азаматсын 👏 талантын ташкындай берсин 👏👏👏👏👏

  3. Идаят

    23.07.2020 19:44

    Азаматсыз талантыныз ташкындай берсин,калеминиз курчуй берсин алга👏👏👏👏👏👏👏

  4. Мирлан

    05.08.2020 05:08

    Азаматсын иним Курманбек акем тируу болгондо сени менен сыймыктанмак эле

  5. Хализа

    09.08.2020 22:31

    Жакшы ырдагансың.Азамат!!!

  6. Айнура

    10.09.2020 15:18

    Озумдун иним да.талантын ташкындай берсин.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM