Марал Радиосу

«Курулай жаттаган балага 5 коюу — эски эреже, жаңы ыкма керек»

Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосуна берген маегинде окуучуларды сабакка кызыктырып, шыктандыруу үчүн мугалимдердин чеберчилигин арттыруу керектигин билдирди.

Анын айтымында, ата-эне баласы окууга жакшы катышпай жатканын сабактар онлайн түргө өткөндө гана байкады. Бул пандемияда эле жаралган меселе эмес.

-Көпчүлүк ата-эне мурда баласы меткепте сабактарга кандай катышканын билбей жүргөн. Эми байкап, тынчсызданууда. Бул онлайн окутуунун жакшы себептеринин бири. Мындан сырткары, онлайн окутууда мугалимдер өз ара тажрыйбасы менен бөлүштү, бул — артыкчылык. Пандемияда аз да болсо мугалимдердин кадыр-баркы жогорулады, — дейт Шаматов.

Ал мугалимдер окуучуларды дистанттык баалоонун жаңы ыкмаларын пайдалынышы керектигин айтат.

-Бизге критерийлердин негизинде баалоо керек. Жалаң жаттоо, түшүнүү менен чектелбестен, анализдеп, талдоого, ойлоп табуучулукка үйрөтүү зарыл. Баалоо да ошого жараша болушу зарыл. Текстти курулай жаттап келген балага 5 коюу — эски эреже. Окуганын өздөштүрүп, жаңы билимди пайда кылган балдарга 5 коюп, бул багытта көп иш алып барышыбыз керек. Буга кошумча, китептерди окуп бүтүрүп коюу менен окуу процесси жыйынтыкталбайт. Биз кээде окуу китебинин кулу болуп калабыз. Бул туура эмес, — деп эсептейт Шаматов.