Марал Радиосу

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 6878ге жетти

Тажикстанда акыркы суткага карата дагы 44 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Ошентип, өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6878 адамга жетти.

Ал эми 5578 адам илдеттен айыгып чыкан. Бул оорунун кесепетинен өлкөдө жалпы 57 бейтап көз жумган.

Тажикстанда коронавирус боюнча алгачкы учурлар 30-апрелде жарыяланган болчу.