Марал Радиосу

Орусия Кыргызстанга медициналык жабдууларды жөнөтөт

Орусия Кыргызстанга пандемияга коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берүү үчүн гуманитардык жардам жиберет. Өкмөттүн маалыматына караганда, Орусиядан 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн хирургиялык беткап) келет.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөшкөн.
17-июлда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу алкагындагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусунда да айтылды.