Марал Радиосу

Саламаттыкты сактоо тармагына реформа жасалат

Саламаттыкты сактоо тармагына толук реформа жасалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 18-июлда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Ал пандемия шарты мамлекеттик системадагы бир топ көйгөйлөрдү ашкерелегендигин жана жыйынтыктар чыгарыларын белгиледи.

«Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды», — деди Жээнбеков.

Президент кыргыз эли оор кыйынчылыктарды жеңип келгенин айтып, үмүттү үзбөөгө чакырды.

«Тарыхыбызда мындан да оор сыноолорду көргөнбүз. Бул кыйынчылыктардан да чыгабыз. Ооруну жеңүүнүн бир эле жолу бар: улуттук биримдик, жоопкерчилик, терең ишеним. Негизгиси — жерибиздеги тынчтык жана элибиздин амандыгы. Кечээ жакында Аалы акыныбыз, баталуу элбиз деп ырдаптыр. Абдан кунт коюп уктум. Башкалар да угуп койсо деп каалоо айтат элем. Адамзаттын башына түшкөн мүшкүлдү дүйнө эли менен катар биз да жеңип чыгабыз», — деп айтылат президенттин сөзүндө.