Марал Радиосу

Беткап чыгарган фабрика чиновниктердин шалаакылыгынан улам иштей албай жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков 18-июлда «Биринчи радиого» берген маегинде бир топ мамлекеттик мекемелердеги бюрократияны сындады. Ал аткаминерлердин арасындагы адам фактору, жоопкерчиликсиздик жана кайдыгерлик жөнүндө айтты.

Өлкө башчы Финансы министрлигинин башкармалыгынын, Экономика министрлигинин, стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдын, Саламаттык сактоо министрликтериндеги бюрократиялык аракеттерге чара көрүлөрүн билдирди.

Мисал катары, Токмоктогу медициналык беткап чыгара баштаган «Транс текстиль» фабрикасы чиновниктердин шалаакылыгынан улам бир-эки кагаз ала албай толук кандуу иштей албай жатканын айтты.

«Бул ишкана бир эле бизге эмес, экспортко чыкканга чоң мүмкүнчүлүгү бар фабриканы башташкан. Эми ошого жардам бергендин ордуна, биздин мамлекеттик органдар, айрыкча орто звенодогу чиновниктердин кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан улам бир-эки кагаз ала албагандыктан толук кандуу иштей албай жатат. Кечээ ушуну көрүп абдан кейидим. Ал жерде жумушчу орундары бар, салык төлөйт, соцфондго чегерет. Ошол жерде иштегендер айлык алат, сыртка кетпейт. Жумушчу орун болот ал жерде. Мындайлар менен биз катуу күрөшөбүз. Мындай адамдар мамлекеттик бийликте иштебеши керек. Алардын орду башка жерде».

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-июлда, Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы  текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышкан.

Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда, фабрика тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн маалымдады. Анда медициналык бет каптардын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор бет кабы жана үч катмарлуу медициналык бет каптарды өндүрүү үчүн шаймандар сатылып алынган.

Фабрика түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.

Алмазбек Абдраевдин айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдардан продукцияны өндүрүү үчүн сертификаттарды алууда маселе жаралууда. Мындан тышкары, бет каптарды өндүрүүгө керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар.