Марал Радиосу

Нарын облусуна 1 реанимобилдик тез жардам унаасы берилди

Өкмөт Нарын облусуна 1 реанимобилдик тез жардам унаасы, 30 даана концентратор жана 80 даана пульсоксиметр аппаратын жеткирди.

Медициналык жабдуулар саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилигине өткөрүлүп берилип, Комиссиянын бөлүштүрүүсү менен зарыл болгон ооруканаларга жиберилет.

Жакында эле Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 тез жардам унаасын сатып алган. Ал аймактарга бөлүштүрүлөрү кабарланган.