Марал Радиосу

“Клексан” дарысын кымбат баада сатууга аракет кылган алып сатар кармалды

50 таңгак «Клексан» дарысын кымбат баада сатууга аракет кылган алып сатар кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясы кабарлады.

Мекемеге келип түшкөн арызга ылайык, Бишкектеги соода борборлорунун биринин жер астындагы унаа токтоочу жайында «Клексан» препаратын жогору баада саткан сатуучу кармалган. Анын унаасын текшерүүдө препараттын 50 таңгагы табылды.

Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, дары каражаты кайдан жана кимден алынганы аныкталууда.

Финансы полициясы пандемия учурунда керектүү дары-дармектин бааларын кымбаттаткан жактарды изилдөөнү улантууда. Буга чейин мындай көрүнүштөр боюнча 27 факты катталган.