Марал Радиосу

Өкмөт башчы Боронов Беларусиядан 5,4 тонна дары ала келет

Бишкек шаарына Беларусиядан атайын каттам менен коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн керектүү дары каражаттарынан турган жүк келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жалпы салмагы 5,4 тонна болгон дары-каражаттары Минск шаарынан премьер-министр Кубатбек Боронов учкан учак менен жеткирилет. Өкмөт башчы Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.

Бул дары-дармектер калкка жеткиликтүү баада сатылат.

Кубатбек Боронов 17-июлда Минск шаарына барган. Ал Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты. Жыйында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биримдиктин алкагында кызматташуу маселелери каралды. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары катышты.