Марал Радиосу

Боронов Беларусиянын өкмөт башчысы менен жолугушту

Премьер-министр Кубатбек Боронов Беларусиянын өкмөт башчысы Роман Головченко менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда Боронов Кыргызстан Беларусь Республикасы менен достук жана кызматташтык мамилелерине чоң маани берерин айтты.

Ошондой эле Кыргызстан беларусиялык өндүрүштөгү зарыл болгон дары каражаттарын ташууга кызыкдар экенин билдирди.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу Минск шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында өттү.

Ал жыйында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташуусунун актуалдуу маселелери каралды. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары катышты.