Марал Радиосу

COVID-19: Дарылоо протоколдорун ыкчам кайра карап туруу тапшырылды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен COVID-19 вирусунун адам организмине тийгизген таасирин талкуулады.

Анда коронавирустун адам организмине тийгизген таасиринин патоморфологиялык тастыкмалары, диагноз коюу, дарылоонун клиникалык аспектилери жөнүндө сөз болду.

Патоморфологиялык иликтөөлөр менен биргеликте оорунун патогенези жана клиникалык  окуялардын сүрөттөмөлөрү тууралуу акыркы эл аралык маалыматтарды эске алуу менен учурдагы клиникалык протоколду кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды.

Мурда Эл аралык ооруларды классификациялоо-10 (МКБ-10) боюнча «Ооруканадан тышкаркы пневмония J-18» (өпкө оорусун чакыруучу зат аныкталбаган) деп кодификацияланган окуялар лабораториялык жактан тастыкталбаган (ПЧР жыйынтыгы терс, же жасалбаган), бирок клиникалык белгилери бар жана рентген аркылуу тастыкталган коронавирустук инфекция катары саналат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр кабыл алынды:

— Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 дарылоо боюнча учурдагы клиникалык жетекчиликти жана дарылоо протоколдорун ыкчам түрдө кайрадан карап туруусу;

— COVID-19ду дарылоо боюнча протоколдорду практикалык ишке киргизүүнү күчтөндүрүү, ар кыл тармактагы дарыгерлерди коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо ыкмаларына окутуу;

— клиницисттердин кеңири чөйрөсү үчүн онлайн-конференция өткөрүү тапшырылды.

Exit mobile version