Марал Радиосу

Коронавирус менен пневмониянын статистикасы бириктирилди. Бир суткада 1654 учур

Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын статистикалары бириктирилди. Бүгүн, 17-июлга карата COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

-Бишкек – 613;

-Ош – 67;

-Чүй облусу – 272;

-Ош облусу – 125;

-Талас облусу – 76;

-Нарын облусу – 39;

-Ысык-Көл облусу – 234;

-Жалал-Абад облусу – 134;

-Баткен облусу – 94.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 1654.

Жалпы: 23783.

Коронавирус анализинен табылгандар да, анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып жаткандар да эми COVID-19дун бирдиктүү статистикасына кирет:

— U07.1 – лаборатордук негизде тастыкталган COVID-19 (ПЧР+);
— U07.2 – клиника-эпидемиологиялык COVID-19 (ооруканадан тышкаркы пневмония).