Марал Радиосу

Бишкек мэриясына 1,7 млн сомго “Клексан” дарысы алып келинди

Кыргыз-Швейцариялык банкы Бишкек мэриясына 1,7 млн сомго “Клексан” дарысын берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Бул дары кайрымдуулук акциясынын алкагында берилди.

Дээрлик 3 миң 220 инъекция шаардык саламаттык сактоо башкармалыгына тапшырылды, ал жактан дары-дармек №1, №6 шаардык ооруканаларына, №2 төрөт үйүнө жана Свердлов, Ленин райондорундагы күндүзгү стационарларга бөлүштүрүлдү.

Exit mobile version