Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда мечиттер жабылып, поезддер токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 335 | 0

Түркмөнстанда мечиттер жабылып, поезд каттамдары токтотулду. «Чаң аба кирип кетишинен» улам, тургундарга беткап кийүүгө кеңеш берилди.

Расмий маалыматтарга караганда, коронавирус инфекциясы катталбаган Түркмөнстанда башка өлкөлөрдөгүдөй эле чектөөлөр киргизилди.

Өлкөдө узак аралыкка коомдук транспорт токтотулду.

«Туркменавтотранспорт» агенттигинин маалыматына караганда, Ашхабад жана башка шаарлар ортосундагы автобустардын кыймылы белгисиз мөөнөткө токтотулган. Арчман, Моллакара, Дашогуз жана Байрамали медициналык борборлорунда жүргүнчүлөрдү ташуу улантылат.

Түркмөн темир жолу 16-июлдан 23-июлга чейин жүргүнчү ташыган поезддердин иштебей тургандыгын жарыялады.

Arzuw News билдиргендей, курч инфекциялык оорулар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик пландагы алдын-алуу иш-чараларынан улам өлкөдөгү мечиттер жана чиркөөлөр жабылды. Ашхабаддагы ресторандар да оңдоо иштерине байланыштуу 23-июлга чейин ишин токтоткон.

Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо министрлиги тургундарды көчөдө медициналык беткап кийүүгө үндөйт. Бирок министрлик бул сунуштаманы COVID-19 коркунучу менен эмес, чаңдуу абанын өлкөгө кириши менен түшүндүрдү. Ошондой эле тургундарга 1 метр аралыкты сактоону сунуш кылган, бирок бул чаңдуу аба агымына кандай таасир тийгизери азырынча белгисиз.

Мындан тышкары, калктуу конуштарда жана чек ара аймактарында дезинфекциялык каражаттарды чачуу иштери жүргүзүлөрү кабарланган.

15-июлда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Түркмөнстанда 6-июлдан бери иштеп келе жаткан атайын миссиясы он күндүк иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады.

Миссиянын жетекчиси Кэтрин Шамвуд атайын брифингде: «Түркмөнстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Евразия чөлкөмүндө жалгыз COVID-19 оорусу табылган жок», — деди.

Copyright © 2017 Maral FM