Түркиядагы Ван провинциясынын Артос тоосунда чалгындоо учагы кулап түштү. Кырсыкта 2 учкуч жана 7 полиция кызматкери шейит болду.
Ички иштер министри Сулейман Сойлу чалгындоо учагы менен болгон байланыш Түркия убактысы боюнча саат кечки 11лерде жоголгон. Ал эми 03:00 чамасында Артос тоосунун болжол менен 2 миң 200 метр бийиктигине урунуп кыйроого учураган учакты табышкан.
Министр белгилегендей, Коопсуздук Башкы дирекциясынын кырсыкты иликтөө тобу чалгындоо учагы түшкөн Артос тоосуна барып, иликтөө ишин баштады.