Марал Радиосу

Аксы районунун акими алмашты

Эсеналы Ормоналиев Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Аксы районунун буга чейинки акими Ыманберди Досбаев кызматынан бошотулду.