Марал Радиосу

Бир суткада 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

• Бишкек шаары боюнча – 42 учур;
• Чүй облусунда – 18;
• Ош ш. – 7;
• Ош облусунда – 4;
• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 5;
• Ысык-Көл облусунда – 9;
• Талас облусунда – 6 учур.

Ошондой эле бир суткада 7 медициналык кызматкер айыгып, ооруканалардан чыкты.

COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында жалпы  2076 учур катталды, алардын 583ү айыгып чыккан.