Биз менен байланышыңыз

Республикалык кан борбору коронавирусту жеңгендерди донор болууга чакырат

Кыска кабар | 15 Июл 2020 | 1826 | 1

Республикалык кан куюу борбору коронавирус илдетин жеңип чыккан жарандарды донор болууга чакырат. Анткени бул илдет менен ооруп айыккан адамдын канында COVID-19га каршы туруктуулук (антитела) пайда болушу мүмкүн.

Коронавирустан айыккан адам кан берип, оор абалдагы бейтаптын сакаюусун тездетип, өлүмдөн сактап калууга да себеп боло алат.

Плазма тартуудан мурун жарандын гемоглобини жана канынын тобу аныкталып, канындагы иммундук антителолордун деңгээли текшерилип медициналык кароодон өткөрүлөт.

Ошондой эле, иммундук жана генетикалык анализ ыкмалары менен ВИЧ-1,2, В жана С вирустук гепатиттерине, сифилиске карата каны текшерилет.

Республикалык кан борборунун маалыматы боюнча, акыркы күндөрү кан тапшырган донорлордун саны азайды. Мурда орто эсеп менен күндө 150дөй киши кан тапшырса, азыр 50 адам гана тапшырат. Ошол эле учурда бир күндө 200гө жакын бейтап кан куйдурууга муктаж болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Шамшар Акматов

    15.07.2020 17:06

    Жакындан жардам болт эле

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM