Марал Радиосу

Кызсайкал Кабылова Чубак ажы Жалиловго арнап ыр жаздырды

Ырчы Кызсайкал Кабылова экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго арнап ыр жаздырып жатат. Бул тууралуу ырчынын продюсери Талант Сагынбаев «Марал» радиосуна билдирди.

Сагынбаев: «Чубак ажынын каза болгону кыргыз элинин эле эмес, Орто Азиянын жана дагы устаздын  сабагын өздөрүнүн тилдерине которуп уккан чет өлкөдөгү  боордошторго оор сокку болду. Уккандан баштап эле шолоктоп, көзүбүздөн жашыбыз токтобой ыйлай бердик. Эл кыйналып турганда четте  карап  турбастан, аларга  дем күч берүү максатында  ыр жаратсакпы деп турганбыз. Чубак ажы каза болгондон кийин  ага арнап, ыр жазбайлыбы деп Кызсайкал сунуштап калды. А мен дароо эле макул болуп, Ильяз Абдразаков байкебизге барып, обон жаздырдык. Ошол эле күнү, түнү менен олтуруп акын, тамада Жылдызбек Турсунбаев  агабызга сөзүн жаздырдык. Аранжировкага комуз күүсүн түшүрүш керек болуп, комузчу Рахат Көчөрбаевге кайрылып,  кечинде клибин тартканга  жетиштик. Ал эми клипти, Баяман Осмонов досубуз тартып берди. Буйруса, жакын арада  даяр болуп коомчулукка алып чыгабыз. Ырдын сөзү аябай маанилүү жазылгандыктан көпчүлүк досторубузга жагып, ыйлаган учурлары көп болду.

— Ырдын кайырмасында:

Тирүүлүк деген күрөштө,

Шам болуп күйгөн үммөткө.

Атыңыз Чубак ажы деп,

Жашайсыз өлбөй  жүрөктө — деген жакшы сөздөр жазылган. Ал эми  ырдын соңку  саптарында:

Элиңиз сыздап таба албайт,

Эми ким динди баяндайт?

Сан кылым чубап өтсө да,

Сендей жан кайра жаралбайт — деп Чубак ажы Жалиловду  жоктоп жазылган»,-деп билдирди.

Эске салсак, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов 11-июлда оорудан улам каза тапкан. Анын сөөгү өзүнүн кичи мекени Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылына коюлду.