Марал Радиосу

Бишкекте эки түнкү стационар ачылып, бейтаптарды кабыл алууда

Бишкекте эки түнкү стационар ачылып, алгачкы бейтаптарды кабыл алууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул стационарлар түнү бою иштеп, эртең мененки саат 9:00гө чейин ачык болот. Анын бири борбордогу 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан, анда 120 орун бар. Экинчиси Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Консул» ресторанында жайгашып, анда 100 орун даярдалган.

Түнкү стационарлардын ишине медиктер, медайымдар жана санитаркалар тартылган. Шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн атайын мобилдик дарыканалар ачылган.

Мэриядан кошумчалашкандай, бул стационарларда алгачкы медициналык жардамды жашаган жерине карабастан бардык жарандар, ошондой эле Чүй облусунун жашоочулар да ала алышат.