Марал Радиосу

БШК: Сагынбек Абдрахманов баштаган КСДП каттоодон өткөн жок

Борбордук шайлоо комиссиясы Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДП партиясын каттаган жок. Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.

Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПнын төрагасы Анвар Артыков БШКга жазган арызы себеп болду.

БШКнын отурумунда эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, Сагынбек Абдрахманов башында турган партиянын өкүлдөрүн каттабай туруу тууралуу чечим кабыл алынды.

2019-жылдын апрель айында Сагынбек Абдрахманов өзүн КСДПнын лидери деп жарыялаган. Бирок Алмазбек Атамбаев тараптагы партия мүчөлөрү чечимди мыйзамсыз деп айтып чыгышкан.