Марал Радиосу

«Ооруп калсам керек болот деп дарыларды катып отургандар бар»

«Ооруп калсам мага керек болот деп дарыны катып отурбагыла». Мындай пикирди өкмөт башчы Кубатбек Боронов маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып айтты.

«Дары-дармектин жетишсиздиги эмнеден пайда болду? Мен ишенип эле турам, ушул күндөрү биздин көпчүлүк жарандардын үйүндө алып койгон ашыкча дары-дармектери турат. Социалдык тармактарда 400 сомдун тегерегинде турган айрым дарыны 4 миң, 7 миң сомдон сатып жаткан жарнамаларды көрүп калып жатабыз. Жакында дары-дармектердин чоң партиясы келгенде алардын кереги жок болуп калат», -дейт Боронов.

Өкмөт башчынын айтымында, жакында Ирандан Кыргызстанга дары-дармектердин чоң партиясы келет. Учурда Кыргызстандын Ирандагы элчилиги медикаменттерди алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бир-эки күн ичинде Кыргызстандагы дарыканаларда жок болуп жаткан 4-5 позициядагы дары алып келинет.

«Мен Ирандагы Кыргызстандын элчисине эртең учак менен дары алып келүү маселесин чечүүнү сүйлөштүм», -деди Боронов.

Мындан тышкары, Кытайдан, КМШ мамлекеттеринен, Пакистандан да дары-дармек алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Жакынкы күндөрү элди медикаменттер менен убактылуу камсыз кылуу маселеси чечилет.