Марал Радиосу

Боронов: Сырттан келген жардамдарды аткаминерлер жеген жок

Чет өлкөлөрдөн келип жаткан жардамдарды аткаминерлер жеген жок. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында айтты.

«Эгер кайсы бир мамлекеттик органда ,кайсы бир кызматкер ушундай ишке бара турган болсо, жоопкерчиликке тартылат. Учурда катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат», -деди Боронов.

Коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга эл аралык донорлордон грант жана насыя иретинде келип жаткан акча көбүнчө айлык акыга жумшалганы эл арасында нааразылык жараткан. Өкмөт башчынын айтымында, сырттан келген акча коронавирустун кесепетин жоюу, анын айынан келген кыйынчылыктарга жардам берүү багытында келет.

«Мына коронавирустун айынан 6 ай ичинде республикалык бюджетке 13 млрд сомго жакын акча түшпөй калды. Бул пенсия, жөлөк пулдар, мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, врачтардын жана башкалардын айлык акыларына акча жетпей калды дегендик. Сырттан келген акча бюджетти колдоо, медикаменттер менен камсыз кылуу, бизнести колдоого багытталып келет», -дейт премьер-министр.

Акыркы күндөрү сырттан келип жаткан жардамдардын бир бөлүгү бизнести колдоого жумшалууда.