Марал Радиосу

Пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун анализи

2019-2020 жылдардын 6 айына карата пневмония оорусунун катталган учурларынын жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны:

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын жалпы өлүмүнүн көрсөткүчү төмөн бойдон калууда. 2019-жылы калктын 1 миңине алганда 5,2 каза болгон адам (2017-жылы — 5,4 каза болгон адам)
катталган.

Мурдагыдай эле калктын өлүмүнүн себептеринин структурасында өлүмдүн негизги беш себептеринин арасына дем алуу органдарынын оорусу (калктын 100 миңине алганда 28,9 каза болгон адам же 5,6 пайызы) кирет.

2019-жылы дем алуу органдарынын ооруларынын арасында каза болгондордун үчтөн бир бөлүгүнөн көбүн пневмониядан каза болгондор түздү (2019-ж. 33,6 пайыз болсо, 2017-ж. 31,4 пайыз).

Акыркы үч жылдын ичинде пневмониядан каза болгондорго өзгөрүүлөр болгон эмес.