Биз менен байланышыңыз

Сovid-19: АКШ жайдын соңунда вакцина өндүрө баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 308 | 0

АКШнын президенттик администрациясынын жогорку даражалуу кызматкери жайдын аягына чейин коронавируска вакцина өндүрүүнү баштоо пландалганын жарыялады.

CNBC АКШ препараттын бир нече варианттарын иштеп чыгууга инвестиция салып жатканын жазат.

Маалыматка караганда, төрт варианттын кайсы вакцинасы эң натыйжалуу болоору азырынча белгисиз.

«Оорунун тез жайылышына байланыштуу, Америка Кошмо Штаттары учурда дары-дармектердин бир нече варианттарын иштеп чыгууга инвестиция салып жатат, бирок алардын айрымдары натыйжасыз же кооптуу болушу мүмкүн. Изилдөөчүлөр дары-дармектердин бири иштеп жатканына көзү жеткенде, анын массалык өндүрүшү башталат», — деп жазылат билдирүүдө.

АКШ 2021-жылдын башына чейин натыйжалуу вакцинанын 300 дозасын өндүрүүнү пландаштырууда.

Өткөн айда президенттик администрация «дары-дармектер үчүн төлөөгө чамасы жетпеген америкалыктар вакцинаны акысыз алышат» деп убада берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM