Марал Радиосу

Чүй облусундагы ооруканаларга 376 кычкылтек концентратору келди

Чүй облусундагы ооруканаларга жана күндүзгү стационарларга акыркы бир нече күндүн ичинде 376 кычкылтек концентратору келди. Республикалык штабдын маалыматына караганда, алар ар кандай финансылык булактардын эсебинен, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен алынган.

Мындан тышкары, 13-июлда Саламаттык сактоо министирлиги 14 даана кычкылтек концентраторун алды. Аны Евразия экономикалык комиссиясында иштеген Кыргызстандын өкүлдөрү COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө мекендештерине жардам көрсөтүү максатында өз каражаттарына сатып алышкан.

Жабдуулар өлкөнүн медициналык мекемелерине бөлүштүрүлөт.