Токиодо өкмөт өз ыктыяры менен ишин токтоткон түнкү клубдар жана барлар үчүн акча төлөп берет.
Ишмердигин токтоткон мекемелерге 4 миң 670 доллар берилет.
Дем алыш күндөрү Токиодо коронавирус инфекциясынын жаңы 224 учуру катталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Расмий маалыматтар боюнча, мындай учурлардын 80 пайызы 20-30 жаш аралыгындагылар.
The Guardian билдиргендей, шаар бийлиги мекемелерди күч менен жабуу укугуна ээ эмес. Ошондуктан, калаа бийлиги ыктыярдуу түрдө ишин токтоткон мекемелерге субсидия төлөп берүүгө убада берди.
Пандемиядан улам Токиодо 7-апрелден 25-майга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган. Япон өкмөтү андан кийин чектөөлөрдү жеңилдетүүнү чечти.