Марал Радиосу

Кыргызстанда дагы 421 кишиден коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 421 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын ичинде, Бишкек ш. – 176, Чүй облусу — 87, Ош ш. — 58, Ош облусу — 6, Жалал-Абад облусу — 40, Баткен облусу — 21, Ысык-Көл облусу — 31, Нарын облусу — 1, Талас облусу — 1 учур.

Республика боюнча коронавирус менен катталгандардын саны 11 538.

Ошондой эле бир сутка ичинде 109 бейтап ооруканадан чыгарылды. Анын ичинде:

-Бишкек ш. – 48;
-Чүй облусу – 23;
-Ош ш. – 2;
-Ош облусу – 5;
-Жалал-Абад облусу – 8;
-Баткен облусу – 5;
-Нарын облусу – 14;
-Ысык-Көл облусу – 4 .

Республика боюнча жалпы 3569 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1426 киши айыкты. Жалпысынан республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны — 4995 кишини түздү.

14-июлга карата COVID-19 диагнозу менен стационарда – 652 бейтап бар, алардын ичинен реанимацияда – 21 жаран.
Үй карантининде дарыланып жаткандар – 5 742;
Каза тапкандардын саны – 149.