Марал Радиосу

Кыргызстандагы кытай ишкерлери 30 кычкылтек концентраторлорун алып берди

Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин ассоциациясы 30 кычкылтек концентраторлорун алып берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен жабдыктар өлкө аймактарындагы медициналык мекемелерге берилет.

Айрыкча муктаждык көп болгон Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарындагы медициналык мекемелерге берилет.