Биз менен байланышыңыз

«Ойлонбойлубу!? Келгиле, биринчи бала бакча, мектеп, оорукана салалы»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июл 2020 | 1186 | 1

Бүгүнкү кырдаал эртең мындан да опурталдуу, чоң чакырык болушу ыктымал. Бул тууралуу Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемия өлкө экономикасына чоң залакасын тийгизди. Аны кайра калыбына келтирүү бир топ убакытты алат.

Жүз, миңдеген адам жашаган айылда бала бакча, бейтапкана, мектеп жок. Бирок ири тойкана, экиден мечит бар. Ишкерлер соода борборун, тойканаларды курууну токтотуп, бейтапкана салышы зарыл.

«Ошол соода борборлору, базарлар, мечиттер бүгүн адамдын өмүрүн сактап калып жатабы? Жок. Бул ачуу чындык. Бирөөнүн атасы, бирөөнүн баласы көз жумуп жатса, ойлонбойлубу!? Келгиле, биринчи бала бакча, мектеп, оорукана салалы. Эң керектүү нерселерди салып алалы. Ошондуктан мамлекет «тойкананы токтоткула, ишкерлер, акчаңар барбы, бул жерди алгыла» деп супер заманбап бейтапканаларды салдырса… Маселенин баары уюштурууда болуп жатат», — дейт Аскарбеков.

1 пикир

1 пикир

  1. Арстан

    13.07.2020 18:26

    Так ошондой кылуу керек болчу буга чейин эле менталитетибизден ашып ото албай жатабыз тилеке каршы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM