Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирустан 3460 адам айыкты

Кыргызстанда бир сутка ичинде 73 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарынан 55, Ош шаарынан 5, Баткен облусунан 4, Нарын облусунан 9 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча 3460 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирустун 488 жаңы учуру аныкталып, жалпы саны 11 миң 117ге жетти. Бул илдеттен 147 адам (+15 учур бүгүн катталды) каза болду.