Марал Радиосу

Бир суткада 125 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 125 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Анын ичинде:

-Бишкек ш. – 63;
-Чүй облусунда – 7;
-Ош ш. – 16;
-Ош облусунда – 10;
-Баткен облусунда – 13;
-Ысык-Көл облусунда – 7;
-Талас облусунда – 2;
-Нарын облусунда – 2;
-Жалал-Абад облусунда – 5 учур.

Ошол эле учурда акыркы сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1781 учур катталды, алардын ичинен 560 кызматкер айыкты.