Марал Радиосу

Бүгүн Казакстан пандемиянын курмандыктарына аза күтүүдө

Бүгүн, 13-июль Казакстанда коронавирустан улам каза болгондорду эскерүү менен аза күтүү күнү башталды. Шартка ылайык, бүгүн бардык көңүл ачуучу программалар токтотулат.

Өлкө боюнча ишканаларда, мамлекеттик имараттарда желектер түшүрүлдү. Мамлекеттик сайттар ак-кара түскө өзгөртүлүп, саат 12:00дө жалпы өлкө боюнча бир мүнөттүк эскерүү болот.

«Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Бул баарыбыз үчүн трагедия. Пандемиянын курмандыктары болгон мекендештерди эскерүү максатында 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ким, кайда болбосун бул күнү каза болгондорду эскерет деген ишеничтемин»,-  дейт Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус инфекциясынан улам 375 адам көз жумду.