Марал Радиосу

Дары-дармекти кымбат баада саткандарга кылмыш иши козголду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат дарыларды кымбат баада сатып жаткандарга карата кылмыш ишин козгоду.

Финансы полициясы учурда бааны негизсиз кымбаттатууну жоюуга багытталган рейддикиш-чараларды жүргүзүүдө. Анын алкагында, айрым жеке тараптар дары-дармектерди кымбат баада сатып жатканы аныкталган.

Аталган факт блюнча кылмыш иши козголгон. Финполициянын кызматкерлери “Клексан” дарысын шаардын бир нече жеринен 8 миңден 14 миң сомго чейин кымбаттатып жиберген учурларды аныкташты.

Exit mobile version